Биз менен байланышыңыз

Президент көрүстөндүн жерлерин пайдалануу демилгесин түшүндүрдү

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 176 | 0

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде көрүстөндөр боюнча айтканына түшүндүрмө берди. Ал шарият боюнча мусулман адамдын көрүстөнүнүн үстүнө баалуу таштарды чектирип, сүрөт коюуга, темирден тосмо тосууга, цемент-бетон колдонууга тыюу салынарын белгиледи.

Мындан тышкары, жыл өткөн сайын түз жерлер тарып баратканын, муну азыртан ойлонуу керектигин белгиледи.

“Ошондуктан шариат боюнча кайсы көрүстөн болбосун акыркы сөөк коюлуп, ал көрүстөн жабылган соң 25 жылдан кийин ал көрүстөндүн үстүн колдоно берсе болот деген чечим бар. Жогорку Кеңеш кабыл алган тийиштүү мыйзамдарда да мындай ченем белгиленген” , — деди ал.

Ошондой эле көрүстөндөрдүн жерин пайдалануу боюнча демилгесин сындаган саясатчыларга карабай, эстеликтерди тургузууну токтотуу боюнча чечкиндүү кадам жасаганын кошумчалады.

Садыр Жапаров “Ала-Тоо 24” телеканалынын “Көрүстөндөр көйгөйү” аталышындагы видео материалында түздүк жер жетишсиз экенин, убакыттын өтүшү менен азыр көрүстөндөр жайгашкан аймактарды пайдалануу керектигин буга чейин айткан.

Ал Ысык-Көл облусунда жакындары жерге берилген жерге барып, каза болгон баласына да эстелик тургузбаганын айтып, чоң атасы менен чоң энеси жерге берилген жайды көрсөткөн.

Өлкө башчы элди маркумдарды жерге берүүдө ашыкча чыгымдан баш тартып, мүрзөгө эстелик тургузуп, тегерек-четин тосуп албоого чакырган.

Президент: Түз жерлер жетишсиз, эски көрүстөндөрдүн аймагын пайдаланышыбыз керек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM