Биз менен байланышыңыз

Ошто 6,5 миң абонентке электр жарыгы берилди

Кыска кабар | 15 Июл 2024 | 131 | 0

Селден улам Кара-Суу районунун Мады аймагында жарыксыз калган 7,5 миң абоненттин 6,4 миңине электр энергиясы берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн дагы селдин калдыктарын тазалоо, дезинфекциялоо, жана калыбына келтирүү иштери күчөтүлгөн тартипте уланат.

Белгилей кетсек, күн мурун катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан топтолуп келген сел суулары Ош – Гүлчө – Эркештам авто унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырыма чейинки унаа жолдоруна кум шагыл толтуруп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Мындан тышкары, унааларды агызып, турак-жайлардын короо сарайларына жана жер төлөөлөрүнө сел суулары кирген. Электр мамычалар жана Беш-Мойнок подстанциясы жабыркап, 7,5 миң абонент жарыксыз калган. Жабыркаган жарандар жок.

Облус жетекчилиги суу каптаган аймакка барып, координациялоо иштерин жүргүзүп, баардык облустук кызматтар тиешелүү иштерди аткарууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM