Биз менен байланышыңыз

«Сиңдилерим үчүн кооптоном». Кыз-келиндерге кол көтөргөндөр көбөйдү

Коом | 12 Июл 2024 | 1493 | 0

Ошто 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабын дагы күчөттү. 

25 жаштагы келин 7-июль күнү ооруканада каза болгону кабарланган. Анын жолдошу жубайы өз өмүрүнө кол салганын айтууда. Туугандары болсо Айтурган Маматкулова киши колдуу болду дешүүдө. Кыздын апасы күйөө баласы буга чейин кызына кол көтөргөнүн, ошондой эле баңгизат менен алектенип жүргөнүн билдирген. Кыздын жакындарынын айтымында, анын денесинде гематомалар байкалган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы учурда бул фактыны милиция тарабынан териштирип жатканын билдирген.

Өлкөдө аялдарга карата зордук-зомбулуктун көбөйгөнүн мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова да айтты. Анын маалыматында 7 айдын ичинде эле 3 келин күйөөсүнүн колунан каза болгон. Мындан сырткары Айтурган Маматкулованын да киши колдуу болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

“Баарыбыз билгендей мурун интернет жакшы өнүгө  элек кезде аялдарга, балдарга болгон зордук-зомбулуктар жаап-жашырылып, калктын калың катмарына тарабайт болчу. Азыр эми интернеттин жардамы менен адилеттикти таппай калган тараптар акыркы мүмкүнчүлүк катары коомго жарыя кылып, президентке, мамлекеттик адамдарга кайрылып жатышат. Бул да болсо аргасыздан.

Казакстанды ала турган болсок, бир гана окуясын көрүп, бүткүл казак эли дүрбөлөңгө түшүп, мамлекеттен кескин чараларды кабыл алуусун талап калышты. Натыйжада жаңы мыйзамдарды да кабыл алышты. Айтургандын окуясы боюнча казак эли бизге да ой-пикирлерин билдирип жатышат. Буга кескин чараларды көрүшүбүз керек. Өтө көп кыздарыбыз зомбулук көрүп кыйналып жатышат. 7 айда 3 келин үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан каза болду. Бул баарыбызга белгилүү болуп коомдо резонанс жараткандары гана. Биз билбей калгандар канча.

Бизде өз жанын кыйгандарды, “өзүнүн жанын кыйыптыр” деп коюп жатышат. Ошол нерсеге эмне түрткөнүн аныкташпайт. Эгер жакындары ызы-чуу кылса денесинде эч кандай так жок деп жыйынтык чыгарып, иш жабылат. Психологиялык, моралдык кыйналуулар эске алынбай жатат. Мына ушуну мыйзамга киргизиш керек. Сөзсүз түрдө денеге бир залакасын тийгизсе зомбулук кылды дегендик эмес да. Адам өзүн-өзү өлтүрүүгө жөндөн-жөн барбайт.

Мындай окуяларды токтотуу үчүн жалпы аялдар деле бири-бирин колдоосу керек. Жакында эле болгон Айтургандын өлүмүн айтсам, комментарийлерди окусаң, аялдар өздөрү жазып жатат. “Ал деле тилинен кеткен ошого ушундай болгон” ж.б деп, бул бир. Экинчиден, кайсы гана жумушту карабайлы, аялдар катмары аз. Мына ушинтип отуруп коомго “аял” деген түшүнүктү башкача сиңдирип койгонбуз.

Эгер мурунку ата-бабаларыбызды карасак да аял затынын орду бар эле. Боз үй деле  тең бөлүнгөн, эркекке чоң жагы тийген эмес. Ат миндиргенде таза тукум аттарды берген, эгер кыз турмушка чыгып жатса калыңына үйүр-үйүр мал беришчү. Анан да чыккан кыз чийден тышкары деп эле чыгарып койбой, дайым каралашып турушкан”.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Мырза Осмонов, ата-энелер балдарына ар түрдүү билим берип жатканы менен, турмушка даярдоого алсыздык кылышууда дейт. Ал ар бир ата-эне өзүнүн баласынын жашоосуна көз салып турушу абзел экенин айтты.

“Жума намаздарда, аялдар менен болгон сабактарда үй-бүлө тууралуу баяндарды жасап келебиз. Аялга кол көтөрүү арам. Шариятта буга жол жок. Качан гана үй-бүлө бекем боло турган болсо, балдар жакшы тарбияланып өсөт. Ар бир ата-эне өзүнүн баласынын жашоосуна көз салып туруусу абзел. Эгер күйөөсү акыл-эс жактан өзүн туруктуу кармай албай турган болсо, аларды эки жолго салган дурус. Менин байкашым боюнча, аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы жаңжал эрте бөлүнүп кетүүдөн болууда.

Мурун билесиңер, жаңы келин болуп келип, жок дегенде ата-энесине 4-5 жыл кызмат кылып, иниси үйлөнгөндө анан өзүнчө бөлүнүп чыгып кетишчү эле. Азыр балдарга болгон шартты түзүп берип, өздөрүн чыгарып коюп жатышат. Анын натыйжасында жаштардын ойлору, пикирлери дал келбей уруштар көп болууда. Бул биринчи жагы. Ал эми экинчи жагы, ата-энелерде да кемчилик бар. Кызына, баласына ар тараптуу билим алуу үчүн шарт түзүп жатышат. Бирок турмушка даярдоого келгенде алсыздык кылып жатабыз. Буга байланыштуу, жакынкы арада кыздарды жана эркек балдарды турмушка даярдоо курсун уюштуруу планыбыз бар. Мурун да мындай окутуу болгон эле. Ошондо үй-бүлөгө байланыштуу суроолор көп экенин байкагам. Айта турчу кеңешим, жаңы турмуш куруп жаткан жаштар молдолорго келип үй-бүлө жөнүндө сабак алышса дейм. Айрыкча эркекте жоопкерчилик чоң болот. Ошондуктан турмуш курууга жеңил карабоо керек. Буга даярдык менен баруу керек”.

Кыз-келиндерге карата зомбулук көбөйдүбү? Бишкек шаарынын тургундарынан сурап көрдүк.

Аял кишиге аяр мамиле кылуу керек. Мунун баарына тарбиянын тийгизген таасири чоң. Балага ата-энеси туура тарбия берүүсү абзел. Аялзаты назик экенин, аларга аяр мамиле жасаш керектигин айтып чоңойтуш керек. Кыргыз элинде бир жакшы макал бар: “уядан эмнени көрсөң, учканды ошону аласың”, дейт.

Азыркы учурда аял затына болгон зордук-зомбулуктар аябай көбөйүп кетти. Буга байланыштуу, бардык мырзаларга айтаарым, зордук-зомбулук көрсөтөрдөн мурун, өзүнүн апасын, карындашын ойлонушса. Аларга да башка эркек ушундай кылса кандай абалда калат. Мындан тышкары жаштар баш кошоордун алдында, бири-бирине анализ жүргүзүп тандашса жакшы бболмок. Менин да апам, карындашым бар. Жубайым балдарымдын апасы. Мен ошолор жөнүндө көп ойлойм. Ал эми мырзалар, өзүнө 100% ишенишсе гана турмуш курушсун демек элем.

Зомбулуктар мурунку муунда көп катталууда. Ал эми жаштар динден, башка тармактардан билим алып жатышат. Ошого биздин муунда  зомбулуктар аз болот го деп ойлойм. Мисалы, Ислам динине карай турган болсок, бизде аялзатынын орду өтө бийик турат. Бир хадисте, аял киши балагатка жеткенде, эркек кишиге караганда 3 эсе жетим болуп калат дейт. Муну менен эмнени айткым келди, аял кишиге 3 эсе көбүрөөк көңүл буруу абзел.

Аялдарга болгон зомбулук көп болуп жаткандыктан бир аз коркунучтуу болууда. Өзүм корком, сиңдилерим бар. Эркектер аял кишини сыйлашын айтат элем. Аял кандай абалда, кандай көрүнүштө, узун же кыска кийимде болсо да, урматын жайына койон жакшы. Болгону аял экендиги үчүн сыйлашса дейм. Жана бул нерсе улутка бөлүнбөсө. Ал орус ага болот, сен кыргызсың, сага болбойт деген мамиле болушун калабайм.

Бала эненин курсагында тарбиялана баштайт. Бала энесин кандай сыйласа, башкаларды ошондой сыйлоосу керек. Кичинекей кезинен эле бул энең, бул чоң апаң, буга мындай мамиле кылыш керек деп үйрөтүш керек. Уруш эки жактан тең башталат. Эч качан бирөөсү баштап, анан кол көтөрбөйт. Бардык үй-бүлөдө уруш-талаш болот. Ошол бирөөсү сүйлөсө, бирөөсү басылыш керек да. Бири сыртка чыгып кетсе эч нерсе деле болбойт. Мына ушундан узак, жакшы жашоо болот. Карыганга чейин бирге болот. Бирок азыр турмуш  курбай жатып уруштар болууда. Эң алгач эле, жаштар махр маселесинде талашып жатышат. Турмуш жолдун башталышында эле уруш болууда. Кийин кандай болот?.

Азыркы үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктардын чыгышынын негизги себептеринин бири, бала эненин мээримин көрбөй чоңоюп жатат. Азыр базар экономикасы өнүгүп, көпчүлүк ата-энелер шаарга кетип жатышат. Анан ошол ата-энеден жакшы тарбия албай чоңойгондор ушундай жаман кадамдарга барып жатабы деп ойлойм да. Аял менен эркек бири-бирин урматтап, сыйлап, түшүнүп жашашса, ошондо бактылуу өмүр сүрүшөт. Мен деле мурун аял киши тууралуу түшүнүгүм такыр башка болчу. Аял робот болуш керек, муну кылбоосу керек, муну кылыш керек деп ойлойт элем. Дин жактан билим алгандан кийин көп нерсени түшүндүм. Айрыкча аял аманат экенин билдим. Бул аманатты жакшы кароо милдетим экенин, кийин ал үчүн жооп береримди аңдап жеттим.

Аялдын өзүнүн орду бар. Аны бийик көрүш керек. Эркек аял аркылуу бул дүйнөгө жаралат да. Мына ушул эле эркектин аялды сыйлашына милдеттүү экенин далилдеп турат. Эч бир эркектин аялды ыйлатканга укугу жок. Бирок ошол эле учурда аял да өз чегин, милдетин, укугун билүүсү абзел. Аял өз ордун билип турса, ага башкалар да ошондой эле мамиле кылат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миңден ашып, 32% га жеткен. Алардын 95%ы аялдар болгон. Ал эми жыл башынан бери эки айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 2523 фактысы катталды. Мунун ичинен 70 факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жалпы Борбор Азия чөлкөмүн алганда коңшу Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанда да жылдан-жылга үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары өсүп келгени байкалат.

Copyright © 2017 Maral FM