Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик лабораторияларда акысыз тапшырылчу анализдердин тизмеси

Блог , Ден соолук | 9 Июл 2024 | 2748 | 0

Мамлекеттик лабораторияларда камсыздандырылган жарандар үчүн акысыз тапшырылчу анализдердин тизмеси бар. Жарандар көп учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда лабораториялык изилдөөлөр жеке клиникаларга караганда начар жүргүзүлөт деген пикирлерди угуп калышары айтылып эле жүрөт.

Бул ирет Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду мындай ой-пикирлерден алыс болууга жардам бере турган бир нече фактыларды атады.

— Заманбап жабдуулар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун көпчүлүк лабораториялары жеке клиникалардагыдай заманбап автоматтык анализаторлор менен жабдылган. Жабдуу адам факторун толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгарат, каталардын пайда болуу ыктымалдыгын азайтат, натыйжалардын тактыгын жакшыртат. Бир эле учурда жана кыска убакыттын ичинде көп сандагы үлгүлөрдү иштетүүгө жөндөмдүү. Бирок, микроскоп менен иштөө жана башка атайын процедуралар сыяктуу лаборанттын кийлигишүүсүн талап кылган изилдөөлөр өзгөчө болуп саналат.

— Анализдердин сапаты. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун лабораториялары кандын, зааранын, боордун деталдуу анализин, кандагы микроэлементтерди аныктоону, жугуштуу ооруларга анализдерди жана башка бир катар анализдердин кеңири спектрин (гематологиялык, жалпы клиникалык, биохимиялык) жүргүзөт. Анализдердин сапаты Саламаттыкты сактоо министрлигинин стандарттарына жана талаптарына жооп берет.

— Камсыздандырылган жарандар үчүн акысыз анализдер. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында камсыздандырылган жарандар үчүн анализдердин 50дөн ашык түрү акысыз өткөрүлөт. Жеке лабораторияларда ушул сыяктуу кызматтар үчүн көбүрөөк төлөшүңүз керек.

Эскерте кетсек, акысыз текшерүүдөн өтүү үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо керек: үй-бүлөлүк дарыгерге дайындалуу жана дарыгердин жолдомосун алуу зарыл.

Көптөгөн камсыздандырылган жарандар өз укуктарын билишпейт жана өз убагында консультациядан, текшерүүдөн, анын ичинде Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүүгө маани беришпейт.

Бул мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарып, өз убагында диагностикалоо жана дарылоодон өтпөй оорулардын татаалдаштырып жиберишет. Андыктан жарандар көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтарды алуу үчүн дарыгерге кайрылууну эстен чыгарбоосу кажет.

Эгерде медициналык кызматкер сизди үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жүргүзүлө турган анализдерди жүргүзүү үчүн жеке лабораторияларга жөнөтсө, жетекчиликке кайрылыңыз же Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 24 саат бою иштеген 113 ишеним телефонуна чалыңыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM