Биз менен байланышыңыз

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна тандоонун алкагында ат чабыш өтөт

Кыска кабар , Спорт | 8 Июл 2024 | 444 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Чүй облусунда 16-20-июль күндөрү “Көчмөндөр жүрүшү” аталышындагы республикалык ат чабыш марафону өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Аралыгы 300 чакырымга созулган марафондо аттар күнүгө 75 чакырымды басып өтөт. Ат чабыш «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинен башталат.

Негизги максат V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ат чабыш марафонуна катышуу үчүн аттарды тандоо, жаштарды улуттук ат спортуна кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

Марафонго кеминде эки адамдан турган команда катыша алат. Командалар марага толугу менен келүүсү шарт. Катышуучу жылкылар 4 жаштан жана чабандестер 18 жаштан кем болбошу керек.

Мелдеш башталганга чейин жана ар бир этап аяктагандан кийин да күлүктөр милдеттүү түрдө ветеринардык кароодон жана каттоодон өтүшү керек.

Ат чабыштын байге фонду 2 млн сомду түзөт, анын ичинен 1 млн сому биринчи орун үчүн. Мыкты натыйжа көрсөткөн катышуучулар Казакстанда өтө турган 500 чакырымдык ат чабыш марафонуна жолдомо алышат.

Жарышка катышуу үчүн каттоо 15-июлга чейин болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM