Биз менен байланышыңыз

Ташиев аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө наам жана дипломдорду тапшырды

Кыска кабар | 2 Июл 2024 | 136 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайынын жана УКМК Академиясынын кесиптик кайра даярдоо курсунун бүтүрүүчүлөрүнө аскердик наам жана диплом тапшырды.

Бүтүрүүчүлөр окуу аралыгында мамлекеттин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билим, жөндөмдөргө ээ болушту.

Мындан улам, Камчыбек Ташиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аяктагандары менен куттуктап, алардын алган билими коюлган тапшырмаларды так аткарууга, мамлекеттин коопсуздугун коргоодо жаш кызматкерлерди мекенди сүйүүгө жана ар дайым күчтүү жана тайманбас болууга чакырды.

Коопсуздук багытындагы адистердин сапаттык даярдыгын жогорулатуу максатында, үстүбүздөгү жылдын 30-январында президенттин Жарлыгы менен УКМКнын Академиясы түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM