Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан “Кымыз Фест – 2024” этникалык фестивалына барды.
МинКаб башчысы айыл чарба жетишкендиктери, кол өнөрчүлүк жана кымыздын түрлөрүнө арналган көргөзмө-жарманке менен таанышты.
«Кымыз – бул оригиналдуу улуттук даам. Кыргыз элинин тарыхын кымыздын тарыхынан бөлүп кароого болбойт. Кымыз майрамы биримдикке, ынтымакка, улуттук каада-салтты сактоого чакырат. Мындай фестивалдарды өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүү маанилүү”, — деди Акылбек Жапаров.
Андан ары театралдаштырылган оюн зоок тартууланды.
Өткөн жылы этнофестивалга 5 миңден ашык коноктор келген. Быйыл 10 тоннага жакын кымыз алып келүү пландалып, 10 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.