Биз менен байланышыңыз

Шамал жана күндөн энергия алуу

Блог , Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 919 | 0

Энергетика министрлигинин 2023-жылга берген маалыматына ылайык Кыргызстанда жылына электр энергиясына 5%дан, 7%га тартыштык жаралууда. Айрыкча кыш мезгилинде электр энергиянын жетишсиздишги күч алууда. Энергетиктердин айтымында Кыргызстанда 85% электр энергия ГЭСтерден бөлүнуп чыгат. Эксперттердин айтымында электр энергиясын колдонгон абоненттердин саны жылдан жылга өсүп келет. Сонку жылдары климаттын өзгөрүүсү, мөнгүлөрдүн ээриши да Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугуна түздөн түз таасирин тйгизет.  Дүйнөдө климаттын өзгөрүүсүнөн көптөгөн өлкөлөр энергиянын кайра жаңылануучу булактарынан (шамал, күндөн энергия алуу) энергияны өндүрүүнү илгерилетүүдө.

Акыркы жылдары Кыргызстан дагы энергиянын кайра жаңылануучу булактарын жандандырууга белсенип жатат. Буга чейин Бриккен Арап Эмирлигинин “Масдар” компаниясы менен Кыргызстандын аймагына 200 мгвт кубаттуулукту түзгөн Күн электр станциясын куруу сүйлөшүлгөн. Июнь айынын соңуда  министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеген делегация Кытайда иш сапары менен болду. Анын алкагында Жашыл энергетика фонду Кытайлык компания менен Кыргызстандын Кара-Талаа аймагына 400 мгвт кубаттуулуктагы күндөн энергия алуучу борборду куруу долбооруна кол коюлду.

Париж макулдашуусуна ылайык Кыргызстан асмосферага уулуу заттарды чыгарууну азайттууга милдеттемелерди алган. Учурда энергетика тармагындагы негизги көйгөйлөрүн бири Бишкек-Ош шаарларында көмүр менен иштеп жаткан Жылуулук Электер Борборлору. Жашыл энергетика фондунун жетекчиси Кундус Кырбашеванын айтымында атмосфера авто транспорттордон чыккан зыяндуу заттардан дагы көбкрөөк булганууда.

“Кыргызстандын жашыл энергиянын өнүктүүргө патенциалы абдан жогору. БАЭ, Кытайдан тышкары дагы Кыргызстанда жашыл энергетикага инвестиция салууга кыздар компаниялар бар. Азыркы тапта күндөн жана шамалдан энергияны өндүрүү боюнча  кызыкдар компаниялар өлкөнүн аймактарында изилдөө иштерин жүргүүдө. Өткөн жылдары Кытайда тилектештик максатында бир катар меморандумдарга кол коюлган. Бул жолку жолугушууда аларды ишке ашыруу боюнча алгылыктуу долбоорлорго эки тараптуу кол коюлду”.

Кыргызстанда энергиянын кайра жаңылануучу балактрынан өндүрүлгөн энергиянын көлөмү канча пайызды түзөт?

“Акыркы жолу 2022-жылы күндөн жана шамалдан энергия алуунүн көлөмү 1%га дагы жетчү эмес. Энергиянын кайра жаңылануучу булактарына негизинен Күн, шамалдан чыккан энергия жана 30 мегаватка чейинки чакан ГЭСтер кирет. 2023-жылы бир нече чакан ГЭСтер ишке кирди. Учурда дагы чакан ГЭСтер курулуп жатат. Менин оюмча бүгүнкү күндө Кайра жаңыланучу энергиянын жалпы көлөмү 5%га жакындап калды”.

Кыргызстан башка өлкөлөр менен катар эле Париж макулдашуусуна ылайык абага зыяндуу заттарды чагарууну азайтуу тууралуу милдеттемелерди алган. Бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?

“Париж макулдашуусуна ылайык Кыргызстан 2050-жылга чейин абага зыяндуу газдарды чыгарбаган көрсөткүчкө жетүүгө аракеттенүүдө. Бул абдан комплекстүү иш мындай көрсөткүчкө жетүүгө авто транспорттордун сапатын жакшыртып, көмүрдөн толугу менен баш тартышыбыз зарыл”.

Бүгүнкү күндө малекет жашыл энергия өндүрөм деген ишкерлерге кандай колдоолорду көрсөтө алат?

“Энергиянын кайра жаңылануучу булактарынын керектүү жабдууларын, шаймандарды  чет өлкөдөн алып келүү толугу менен кошумча салыктан жана бажы төлөмдөрдөн бошотулган. Мындан тышкары ишкер курган станция ишке кирген жылдан тартып беш жыл салыктан дагы бошотулган. Эгерде ишкерлерде кандайдыр бир кыйынчылыктар же тоскоолдуктар болсо Жашыл энгергетика фондуна дагы кайрылса болот”. Азыркы тапта ар бир жаран өзүнүн үйүнүн чатырына 60 чарчы метрге чейин Күн панелдерин орнотуп, андан чыккан 15 квт саат электр энергиясын эч кандай уруксаатсыз колодоно берсе болот.

Акыркы 20 жыл аралыгында өлкөдө энергоэффективдүүлүк боюнча иш алып барган Юнис Груп мекемсинин инженери Жаныбек Кулумбетов соңку жылдары энергиянын кайра жаңылануучу булактары менен алектенген ишкерлерге кыйла жакшы шарттар тузүлгөнүн билдирди.

“Күндөн жана шамалдан энергия алуу өнүккөн өлкөлөрдө кадимки эле көрүнүш. Бул практика бизге эми жайылып жатат. Бул чөйрөдө иш алып барган жеке жактарга, ишкерлерге көп жеңилдиктер каралууда. Мисалга алсак биз он чакты имараттарга энергиянын кайра жаңылануучу станцияларын орноттук алардын көпчулүгү бизнес багытында. Күндөн энергия алуунун негизиги өзгөчөлүгүн айтып коюу керек. Саат 10-11ден, саат 15:00гө чейин толук кандуу энергияны алсак болот. Бирок буга кошумча аккумулятор орнотсок, анда түнкүсун дагы токтоосуз энергияны колдонууга мүмкүн болот. Мисалы биздин мекеме жайгашкан имаратта жылуулук электр насос иштейт 1 киловат энергияны насостун жардамы менен 4 киловат кылып көбөйтүп алуудабыз, ошол эле бир киловатты биз күн энергиясынан алып жатабыз. Бүгүнкү күндө биз түндүкэлекрден энергия албай эле өзүбүздү өзүбүз камсыздап жатабыз. Мындан тышкары имараттын же үйдүн дубалдары энергоэффективдүү болуп жылууланса, ушундай жол менен эле электрге болгон муктаждыкты чечсе болот”.

Энергиянын кайра жаңылануучу булактарына малдын кыгынан биогаз өндүрүү дагы кирет. Мындай тажрыйба Европа өлкөлөрүндө кеңири таралаган. Айрым эксперттердин айтымында Кыргызстанда дагы 1 миллиард киловат саатка чейин биогаздан электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Дания, Норвегия сыяктуу өлкөлөрдө таштандыдан дагы энергия өндүрүү жолдору жакшы жолго коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM