Биз менен байланышыңыз

Трамп менен Байден дебатта бири-бирин айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2024 | 403 | 0

27-июнда АКШнын президенти Жо Байден жана анын атаандашы Дональд Трамп  президенттик шайлоо алдындагы дебатта, өз президенттик мөөнөттөрү учурунда АКШнын экономикасы күчтөнгөнүн айтып, учурдагы АКШ экономикасындагы инфиляция үчүн бири-бирин айыпташты.

Трамп  өзүнүн жетекчилиги тушунда баары жакшы болгонун, азыркы жетекчи Жо Байдендин учурунда инфиляция күчөгөнүн  айтып. “Инфляция биздин өлкөнү өлтүрүп жатат”, — деди.

Байден эки жыл мурун 9% га жеткен жана андан бери 3.25% га түшкөн инфляцияны Трамптын ач көздүгү деп күнөөлөдү.

Мындан тышкары Трамп Орусиянын Украинага кол салуусун Байдендин алсыздыгы катары бааланарын айтты. “Менин тушумда Путин кол салалмак эмес”,- деди экс президент.

Учурдагы президент Жо Байден эгер Орусия Украинаны жеңсе, Путин бул менен токтобойт деп билдирди.

АКШнын тарыхында учурдагы президент, мурдагы президент менен кайрадан дебатка чыгышы биринчи кездешүүдө. Эки президденттин дебаты СNN  телеканалы аркылуу туз көрсөтүлдү.

Трамп 2020-жылдагы шайлоодо Байдендин жеңишин эч качан тааныган эмес жана анын жактоочулары Капитолийге кол салгандан бир нече күн өткөндөн кийин, ал атаандашынын инаугурациясына катышуудан баш тартып, салтты бузган.

2024-жылы өтө турган президенттик шайлооого Трамп менен Байден дагы бир жолу ат салышууда.

АКШнын 45-президенти Дональд Трамп 77 жашта. Ал президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин жалпысынан ага карата төрт кылмыш иши козголгон. Кылмыш иштеринин баардыгын четке кагып, өзүнө карата даярдалган токулган иш деп айтып келет.

АКШнын учурдагы президенти Жо Байден 81 жашта.

АКШда кезектеги президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM