Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Польшадагы рейтингдик турнирдин жеңүүчүсү аталды

Кыска кабар | 22 Июн 2024 | 348 | 0

Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн күрөш боюнча Ziolkowski Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинде Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынса, Калмира Билимбек кызы күмүш байгенин ээси болду.

62 кг чейинки салмак ченинде килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова алгач польшалык, андан кийин канадалык спортчуларды мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыккан.

Тыныбекова финалда германиялык спортчу менен кез келип, аны 4:1 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Ал эми 59 кг чейинки салмак ченинде күрөшкөн Калмира Билимбек кызы биринчи жана экинчи раунддарда польшалык балбандарды алгач 4:3, кийнкисин 8:0 эсебинде далысын басып жеңишке жеткен.

Ал эми финалда Билимбек кызы германиялык атаандашына 7:0 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.

Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.

19-июнда грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта Акжол Махмудов алтын, 97 кг Үзүр Жусупбеков коло медал алды.

20-июнда 60 кг салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков, 67 кг салмакта Амантур Исмаилов алтын медал тагынышты. 67 кг салмакта кыргызстандык эки балбан — Амантур Исмаилов менен Раззак Бейшекеев финалга чыгып, Бейшекеев биринчи орунду жердеши Исмаиловго күрөшпөй эле берди.

Copyright © 2017 Maral FM