Биз менен байланышыңыз

Бир айда жол эрежелеринин бузулушу боюнча 6 миңден ашык даттануу түштү

Кыска кабар | 20 Июн 2024 | 200 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ушул жылдын 21-майынан тарта  жарандардын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн (0777) 102-102 ватсап номурун ишке киргизген.

Ошондон бери жарандар көчөдөгү жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча 6414 кайрылуу жөнөтүшкөн. Анын 44,7 пайызы унааларын башкаларга тоскоолдук жаратып, туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурлар боюнча.

21,5 пайызы каршы тилкелерге чыгуу жана ашып өтүү, озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузган учурлары.

19,6 пайыз кайрылуу жол чырактын кызыл түсүнө баш ийбөө жана жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочулар боюнча.

14 пайызы жол эрежелеринин башка түрлөрүн бузган айдоочулар боюнча даттануулар.

«Жарандар жөнөткөн сүрөт-видеолор боюнча жол эрежелерин бузган айдоочулардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катталууда» , — деп айтылат маалыматта.

Быйыл беш айда жол эрежесин бузуу фактыларынан мамлекеттик бюджетке 224 млн сом түшкөнү расмий кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM