Биз менен байланышыңыз

«Легендарлуу парламенттин» депутаты Бегиш Аматов көз жумду

Кыска кабар | 27 Сен 2024 | 84 | 0

«Легендарлуу парламенттин» депутаты, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 26-сентябрда 75 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Бегиш Аматов 1949-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Көлдүк айылында туулган. Алгач 1966-жылы зооветеринардык техникумду аяктап, андан соң 1971-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1971-жылы Алай совхозунда зоотехник болуп иштөөдөн баштаган. 1974-1976-жылдары Ленин совхозунда башкы зоотехник, 1976-1981-жылдары Социализм совхозунун директору болуп эмгектенген. 1981-1983-жылдары Алматы шаарындагы жогорку партиялык мектептен билим алып, 1983-1990-жылдары Базар-Коргон районунун 2-секретары болуп кызмат кылган.

1990-1994-жылдары «Легендарлуу парламент» деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин XII чакырылышынын депутаты болгон. 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөрүп, элдин эгемендүүлүк алышына зор салымын кошкон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM