Биз менен байланышыңыз

АКШдагы олимпиадада «Сапаттын» окуучусу алтын медаль утту

Кыска кабар | 19 Июн 2024 | 998 | 0

АКШнын Рочестер шаарындагы Рочестер технологиялык институнда 10-июндан 15-июнга чейин Genius Olympiad олимпиадасы өттү. 67 мамлекеттен 2557 окуучу катышкан Олимпиадага кыргызстандык окуучулар да барышты.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин окуучусу Актан Кадыржанов олимпиадага Art категориясы боюнча катышып, алтын медаль утту.

Машыктыруучу Гуломжон Сайпидиновдун коштоосунда барган калган катышуучулар: Марлен Таалайбеков, Ажынур Сейдакматов, Яхёбек Абдуллажанов, Нуржигит Сатанов, Расул Бухаралиев, Эрмек Байзаков, Эльбурс Абдижалов жана Хантеңир Ормоковдор дагы баалуу сыйлыктарга ээ болушту.

Genius Olympiad — орто мектеп окуучулары арасында экологиялык маселелер боюнча эл аралык сынак болуп саналат. Бул жылы илим, жазуу, бизнес, искусство, роботатехника, музыка жана кыска метраждуу тасма категориялары боюнча болгон.

Олимпиаданын негизги максаты, глобалдык экологиялык маселени түшүнүүнү илгерилетүү. Сынакка англис тилин мыкты билген 18 жашка чейинки мектеп окуучулары катыша алат.

Copyright © 2017 Maral FM