Connect with us

Париждеги олимпиадага бара турган командалардын формасы (сүрөт)

Блог , Кыска кабар , Спорт | 19 Июн 2024 | 949 | 0

Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине саналуу гана күндөр калды. Олимпиада быйыл 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Көптөгөн өлкөлөр мода үйлөрү менен келишим түзүп, расмий салтанатка кийип чыга турган уникалдуу кийимдерди иштеп чыгууну макулдашкан.

Кыргызстандан жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 15 спортчу лицензия уткан алардын көбү балбандар. Улуттук спортчулардын формасы тууралуу маалымат бериле элек.

Төмөндө Париж олимпиадасында өлкөлөрдүн  спортчулары кандай формада кийинерин көрөлү:

Франциянын олимпиадалык курама командасынын спорттук кийими. Аны Le Coq Sportif компаниясы иштеп чыккан.

Германиянын олимпиадага бара турган курама командасынын формасы. Аны Adidas компаниясы иштеп чыккан.

Австралия олимпиадалык курама командасынын расмий кийими. Аны Asics компаниясы иштеп чыккан.

Puma компаниясынын олимпиадага бара турган спорттук формасынын презентациясы. Компаниянын кийимдерин 17 өлкөнүн спортчулары кийишет.

Жапониянын курама командасынын расмий кийими. Аны Asics компаниясы иштеп чыккан.

Канада спортчулары жайкы оюндарга кие турган. Аны Lululemon Athletica компаниясы иштеп чыккан.

Бельгиянын олимпиадалык курама командасынын формасын жергиликтүү дизайнер жана спортчу Алекса Фэйрчалд иштеп чыккан.

АКШнын олимпиадалык командасынын расмий формасы. Аны Ralph Lauren компаниясы иштеп чыккан.

Adidas компаниясынын олимпиадалык оюндарга сунуштаган спорттук формасынын презентациясы. Компаниянын формасын 15 өлкөнүн спортчулары кийишет.

Түркия өлкөсүнөн жайкы оюндарга бара турган спортчулардын кийимин Adidas компаниясы иштеп чыккан.

Улуу Британиянын формасы Adidas компаниясы тарабынан иштелип чыккан.

Италиянын олимпиадалык курама командасынын формасы. Ал Emporio Armani компаниясы тарабынан иштелип чыккан.

Коңшу Казакстандын олимпиадалык курама командасынын формасы.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM