Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 18 Июн 2024 | 92 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 19-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24.

Бишкекте  түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын  температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+32 градус ысык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM