Биз менен байланышыңыз

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын дамбасы реконструкцияланды

Кыска кабар | 18 Июн 2024 | 113 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Аламүдүн району боюнча аткарылып жаткан объекттердин бири болгон Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын абалы менен таанышты.

Министрликтин маалыматына караганда, быйылкы жылы республикалык бюджеттен 12,1 млн сом каржыланып, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын дамбасын бекемдөө иштери аткарылды. Натыйжада суу сактагычтагы суунун көлөмү 73,0 млн.м3 дан 78,0 млн.м3 га чейин көбөйтүлүп, 5,0 млн м3 кошумча суу топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жыйынтыгында 22 649 га айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоо жогорулатылды.

Ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында республика боюнча 44 суу чарба объекттеринин ичинен 10 суу чарба объектилери пайдаланууга берилип, натыйжада 5680 жаңы сугат жерлер өздөштүрүлдү.

Учурда 2024-2030-жылдар аралыгында БДР жана БСРдин, ирригациялык инфраструктуранын реабилитациялоо жумуштарын ишке ашыруу боюнча программа даярдалууда. Программада 86 БДРдин курулушу менен 39,6 миң жаңы сугат жерлер өздөштүрүлѳт. 223,7 миң га сугат жерлерди суу менен камсыздоо жогорулатылат. Ошондой эле  узундугу 1068,0 чакырым болгон 67 каналда реабилитациялык иштерди жүргүзүү сугат суунун жоготуусу 30-50%га кыскартууга мүмкүндүк берет.

Чүй облусу боюнча сугат суу тартыштыгынын маселесин чечүү максатында 5 суу топтоочу курулмалардын тазалоо, 1 суу сактагычтын курулуш иштери аткарылууда.

Ошондой эле Чүй районундагы жерлерин сугат суу менен камсыздоо үчүн «Чүй районунда ирригацияны өнүктүрүүнүн схемаларын иштеп чыгуу» долбоору 6 БДРлер боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM