Биз менен байланышыңыз

Бишкек эл аралык кинфестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыска кабар | 16 Июн 2024 | 219 | 0

Кечээ, 16-июнда Бишкек эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу жабылыш аземинде эл аралык жана Борбор Азия сынактарынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Борбор Азия сынагы:
Калыстар тобунун сыйлыгы
Мыкты сценарий — Шарипа Уразбаева, «Түл» тасмасы. Байгеси 300 000 сом.

Мыкты актер — Ерсултан Ерман, «Бала асыроо» тасмасы. Байгеси 150 000 сом.

Мыкты актриса — Жаннат Күрүчбекова, «Белек» тасмасы. Байгеси 150 000 сом.

Мыкты режиссер— Аскат Кучинчиреков, «Бала асыроо» тасмасы. Байгеси 400 000 сом.

Баш байге: «Белек» тасмасы, продюсерлери Гульмира Керимова, Алексей Тельнов, Дальмира Тилепбергенова, Садык Шер-Нияз, Елена Дементова. Байгеси 500 000 сом.

Эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү:

Калыстар тобунун сыйлыгы

Мыкты оператор — Азиз Жамбакиев, «Шамбала» тасмасы. Байгеси 300 000 сом.

Мыкты актриса — Мона Хава, «Буюрса, уул болот» тасмасы. Байгеси 300 000 сом.

Мыкты режиссер — Мирлан Абдыкалыков, «Ала Качуу» тасмасы. Байгеси 400 000 сом.

Баш байге: «Түбөлүк кар уламыштары», режиссеру Алексей Романов, продюсерлери Сардана Саввинова, Алексей Егоров. Байгеси 500 000 сом.

Атайын сыйлык:
Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыгы «Бейиш эненин таманында» тасмасына ыйгарылды. Режиссеру Руслан Акун, продюсери Түгөлбай Койчиев.

Кыргыз Республикасынын Кинематографистер союзунун сыйлыгы: «Кичинекей Самурай” тасмасына атайын сыйлык. Режиссеру Ерлан Нурмухамбетов, продюсерлери Сано Синдзю, Шуичи Ёсимура, Асель Ержанова.

Этномедиа сыйлыгы: «Бошетунмай» тасмасына атайын сыйлык. Режиссеру Амантур Ормук, продюсери Фархат Шарипов. Байгеси 100 000 сом

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM