Биз менен байланышыңыз

Миң-Кушта кырсыктаган унаа маселеси парламентте көтөрүлдү

Коом | 13 Июн 2024 | 603 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 13-июндагы жыйынында Миң-Куштагы калдыктарды ташыган “Росатомдун” автоунаасында уран болбогонун айтып, буга чейинки тараган маалыматтар туура эмес экенин билдирди.

«Ал жерде уран төгүлдү деген туура эмес маалымат. Кайра иштетилген калдыктарды бир орундан коопсуз жайга ташып жатат, ал жерде кооптуу эч нерсе жок. Айылдын үстүндө турат, аны коопсуз жакка чыгарыш керек. Комиссия иштеп жатат, жыйынтыгы боюнча маалымат берилет. Бирок ал жерде жашап жаткандарга да ылдый жакта суу сугарып жаткан дыйкандарга да коркунуч жок деген тыянакка келгенбиз» , — деди Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңштин депутаты Исхак Масалиев, эгерде жүк ташуучу унаада коопсуз нерсе болгон болсо, аны башка жерге ташуунун кажетин сурап, болуп өткөн кырсык тууралуу элге туура маалымат берүүгө чакырды.

«Эгерде жу ташуучу унаада коопсуз нерсе болсо, ал жүктү башка жерге ташууга кандай кажети бар эле? Коммисия тузүлгөнүн билебиз. Коомчулукка так маалмат берип койсоңуздар».

Эколог Айгүл Ырысалиева кайра иштетилген калдыктар болгон күндө деле кесепети кийин чыгышы ыктымал дейт.

«Кайра иштетилген калдыктар болгон күндө деле сууга түшкөндөн кийин чарбачылыка колдонушат, мал ичет, суу агып барып Нарын дарыясына андан уланып отуруп башка жерлерге тарайт. Кепилдик жок зыяны тийбейт дегенге. Азыр зыяны билинбейт, бир топ убакыт өткөндөн кийин билинет. Тана берген болбойт, кесепети кийин чыгышы мүмкүн. Элге так маалымат бериш керек».

Эколог Анара Султангазиева жүк ташуучу унаада уран жок экенин коомчулукка күмөнсүз ырасташ үчүн, окуя боюнча иштеп жаткан коммисиянын курамында көз карандысыз эксперттерди кошуп, жураналиттерди да чакылышы керек деген пикирин айтты. Эгереде чындап уран төгүлгөн болсо убакыт өткөн соң ачыкка чыгарын баса белгиледи.

«Ал жакта болбогондон кийин бир нерсе деп айтуу кыйын. Бирок, өкмөт ушул окуя боюнча сөзүн тастыкташ үчүн коммисиянын курамына көз карандысыз экспертерди, ММК өкүлдөрүн чакырып маалымат бериши керек эле. Убакыт өткөң бары билинет».

Белгилей кетсек, айрым ММКалар өздүк булагына таянып,
«Жүк ташуучу унаа Миң-Куштагы «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайынан уран калдыктарын жүктөп, «Дальнее» калдык сактоочу жайына чыгып баратканда артка кетип, көпүрөдөн сайга кулап түшкөн»-деген маалымат таратышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM