Биз менен байланышыңыз

Өкмөт футболчуларды сыйлоо иш-чарасын өткөрдү

Кыска кабар | 13 Июн 2024 | 129 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын сыйлоого арналган иш-чара өтүп, ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2027-жылы өтө турган Азия кубогуна жолдомо алып, 2026-жылы Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 3-туруна жолдомо алган.

Эдил Байсалов улуттук курама команданы, машыктыруучулар штабын жана футбол федерациясын акыркы жетишкендиктери менен куттуктады.

«Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундуна чыгуу учурда кыргыз футболунун тарыхындагы эң чоң жетишкендик болуп калды. Биз өз командабыз менен сыймыктанабыз. Футбол бүт өлкөбүздү бириктирип, шыктандырат. Мамлекет жетекчилигинин саясатынын ийгилигинин аркасында азыр Кыргызстанда улуттук курама команданы жогорку деңгээлде кармап турууга гана эмес, стадиондорду жана футбол аянтчаларын курууга, мектептерди ачууга, балдар жана массалык спортту өнүктүрүүгө ресурстар бар экендиги кубандырат», — деди ал.

11-июнда Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамалары ойноду. Беттеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде өттү.

Оюн 1:1 эсебинде тайпалардын тең чыгуусу менен аяктап, жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курамасы 2027 Азия кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна чыгуусун камсыздады.

Жыйынтыктоочу турнирдик жадыбалда Кыргызстандын курамасы 11 упай менен экинчи орунду ээледи. Оман 13 упай менен биринчи орунда, Малайзия 10 упай менен үчүнчү орунда, Кытайлык Тайбэй 0 упай менен акыркы орунда.

Квалификациянын экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алып, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына болгон жолдомого күрөшүн улантат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM