Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Полотованын талапкерлиги парламенттеги комитеттерде жана жалпы сессияда талкууланып, колдоо тапкан.
7-июнда президент Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотуп, ордуна министрдин милдетин аткаруучу катары Жылдыз Полотованын талапкерлиги сунуштаган.
50 жаштагы Жылдыз Полотова эмгек министрлигинде 2007-жылдан тарта иштей баштаган. Башкы адис, министрдин орун басары, өкмөттүн аппаратында эксперт, кайрадан министрдин орун басары болуп иштеп келген.