Биз менен байланышыңыз

Чет элдиктерге Ысык-Көлдөн кыймылсыз  мүлк алууга уруксат берилиши мүмкүн

Коом | 12 Июн 2024 | 246 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары чет элдиктерге Ысык-Көлдөн кыймылсыз  мүлк алууга уруксат берүү мыйзамын демилгелеп, 10-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин депутаттары “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү үчүнчү окууда жактырган. Аталган мыйзам долбоору ишке ашса, чет элдик жарандарга имаратты гана эмес, жерди да сатууга жол ачыларын айтып каршы чыккан депутаттар да болду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков. Түзөтүүлөр чет элдиктерге эс алуу жайларына менчик жана пайдалануу укугун берүүгө мүмкүндүк берет. Бул, депутаттардын айтымында, инвестиция тартууга жана Кыргызстандын туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк рыногуна чыгуусуна  салым кошот.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Элмурза Сатыбалдиев, каршы пикирлер сабатсыздыктын айынан келип чыгууда дейт. Алар демилгелеп жаткан мыйзам долбоорунда чет элдиктерге жерди ижарага берип, имаратты сатуу демилгеси көтөрүлгөн.

«Кайчы пикирлер сабатсыздыктан келип чыгууда. Ысык-Көлдөгү жерлер сатылат деген кеп туура эмес. Себеби мыйзамда жазылган «Чет элдик жарандарга жер сатылбайт»-деп. Биздин мыйзам ошол рекреациялык  объекттерди чет элдиктер кааласа, аларга имаратын сатуу, жер ижарага берилет».

Эл өкүлү Султанбай Айжигитов мыйзам долбооруна  каршы добуш берген. Айжигитовдун айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр  Жер кодексине каршы келет. Ошондой эле «рекреациялык объекттер» деген терминди алып салууну сунуштайт.  Себеби эл аралык түшүндүрмөлөрдө аталган термин эс алуу жерлерди туюнтат. Мындан сырткары депутат, өлкөгө инвесторлорду тартуу үчүн алгач экономика көтөрүлсө чет жерден инвесторлор айттырбай келет деген ойдо.

«Мыйзамда жазылган «рекреациялык объекттер Кыргызстандын жарандарынын менчигинде гана болушу мүмкүн» деп жазылып турат. Мыйзамга  өзгөртүү киргизип жаткандар ушул  жерге чет элдик жарандарды кошуптур. Ошол эле жерде «рекреациялык объекттер чет жердик жарандардын менчиги болшу мүмкүн эмес» — деп да, жазылып турат. Мен «рекреациялык объекттер» деген терминди алып салууну сунуштап жатам.   Себеби эл аралык түшүндүрмөлөрдө аталган термин  жерлерди туюнтат. Ошондуктан каршы болгом».

Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу демилегенип жаткан мыйзам долбоорун колдоп бергенин айтат. Себеби, Кыргызстанга инвестиция тартууга ылайык демилге деген ойдо.

«Биздин кыргыз ишкерлер чет жерден ишкерлик кылып жатышат. Чет элдик жарандар ишкерлик кылса, экономикага кошулган салым болот. Жер тууралуу маселе жок. Эгер чет элдик жаран кыймылсыз мүлк алса жашыл китеп, ал эми кыргыз жараны алса кайра кызыл китеп менен алат. Чет элдик инвесторлорду тартуу кыйын болуп жатпайбы. Ошондуктан бул мыйзам аларды тартууга эң жакшы демилге».

Чет өлкөлүк жактарга эс алуу жайларын жана туризм инфраструктурасын мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилиши мүмкүн экенин депутаттар өз сөзүдө белгилешкен.

Copyright © 2017 Maral FM