Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлүктөргө Ысык-Көлдөн мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоору колдоо тапты

Кыска кабар | 12 Июн 2024 | 171 | 0

Жогорку Кеңештин 12-июндагы жыйынында «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Долбоорго 63 депутат «макул» , үч депутат «каршы» добуш берди.

Демилгечилер – депутаттар Балбак Түлөбаев, Эльмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков.

Мыйзамга ылайык, эс алуу жайларына менчик укугуна байланыштуу мамилелер жөнгө салынат. Эс алуу жайларын жана туризм инфраструктурасын чет өлкөлүктөргө менчикке берүүгө жол берилбейт. Бирок базар экономикасы жана туризмди өнүктүрүү максатында жагымдуу инвестициялык климат түзүү зарылдыгы эске алынып, чет жактан инвестиция тартуу үчүн мыйзам долбоору менен чет өлкөлүк жарандарга рекреациялык объектилерге менчик жана пайдалануу укуктарын берүүгө байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Демилгечилер мындай түзөтүүлөр Кыргызстандын туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк рыногуна чыгышына жана Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө өбөлгө болорун билдиришет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM