Биз менен байланышыңыз

Парламент Жылдыз Полотованы эмгек министри кызматына талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 12 Июн 2024 | 207 | 0

Жогорку Кеңеш 12-июндагы жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Жылдыз Полотованы дайындоого макулдук берди.

7-июнда Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Гүлнара Баатырова буга чейин саламаттык сактоо министри кызматын да аркалаган.

50 жаштагы Жылдыз Полотова эмгек министрлигинде 2007-жылдан тарта иштей баштаган. Башкы адис, министрдин орун басары, өкмөттүн аппаратында эксперт, кайрадан министрдин орун басары болуп иштеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM