Биз менен байланышыңыз

Курулушка талап кылынган документтердин тизмеси азайтылды

Коом | 11 Июн 2024 | 485 | 0

Эми курулуш компанияларына 6 гана документтин негизинде лицензия бериле баштайт. Буга чейин 23 документ талап кылынып келген. Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, учурда жалпы 3 миңден ашык компанияга 7500дөн ашык лицензия берилген. Жогорку Кеңештин депутаттары курулушка лицензия берүүдө коррупциялык көрүнүштөр болуп жатканын сынга алышты. Ошондой эле эл өкүлдөрү ишкерлерге лицензия берүүнү жеңилдетүү керектигин сунуш кылышты.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 3 миң 74 ишканага 7730 лицензия берилди. Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, анын ичинен 282 компанияга 1-даражадагы лицензия берилген. 2-даражадагы лицензия 90 ишканага, 3-деңгээлде 5010, ал эми 4-деңгээлде 1624 ишканага лицензия берилген.

Агенттиктин жетекчиси Нурдан Орунтаев мекемеде лицензия берүүчү атайын бөлүм бар экенин, кызматкерлер толугу менен жаңыланганын билдирди.

Ал бүгүнкү күндө коррупциялык элементтерди жокко чыгаруу аракеттери токтомдун долбоорунда камтылганын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттик курулуш агенттигинин лицензия берүүчү бөлүмү бар. Ал жакта 10го жакын адам иштейт. Кызматкерлердин баары толугу менен жаңыланды. Мурунку кызматкерлер жумуштан кетишти. Азыркы учурда кызматкерлер ушул токтомдун долбоорун иштеп чыгып, сиздердин астыңыздарга алып келип жатабыз. Бул ишти дагы катуу алып барууга дайынбыз. Мындан ары күчөтөбүз. Тандалма коррупциялык элементтерди жокко чыгарууга ушул токтом долбоорлору жакшы өбөлгө түзүп берет деп ишендире алам. Мисалы «Лалафо» сайтында 1-даражадагы лицензия 100 миң доллар турат».

Курулуш агенттигинин маалыматына караганда, учурда компаниялар лицензия алуу үчүн 23 документ беришет, бирок алар формалдуу. Алардын саны 6га чейин кыскартылууда.

Токтомго кол коюлса, компаниялар төмөнкү документтерди камсыз кылууга милдеттүү:

  • лицензия алуу үчүн арыз;
  • курулган объекттердин тизмеси;
  • объектинин паспорттору;
  • коомдун мамлекеттик каттоодон өткөндүгүнүн көчүрмөсү;
  • кызматкерлердин квалификациялык сертификаттарынын жана алар менен түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү;
  • лицензия алуу үчүн жыйымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция (1 миң сом).

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков аталган агенттикте жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде лицензия берүүдө коррупциялык көрүнүштөр бар экенин сындады.

Ал ишкерлерге лицензия берүүнү жеңилдетип, коррупцияны толугу менен жок кылуу керектигин айтты.

«Жумшак тартипте кылып, оңой кылсаңар жакшы болот эле. Лицензияны 7 айлап, 1 жылдап жүрбөсүн. Эмнеге муну айтып жатам? Алар мурун эле алдыга жылганын, биз моюнга алышыбыз керек. Коррупциялык элементтер болуп жаткандыгын, жакшы айтып кеттиңиз. Туурабы? Чындыгында, муну моюнга алыш керек. Бүгүнкү иштеп жаткан агенттигңиздер дагы, жаратылыш министрлиги бар. 2 органда лицензия деген балекет, ошол жерде иштеп жаткан кызматкер лицензия менен гана алек. Өздөрү мамлекеттин жумушун аткарбайт, лицензия бирөөгө берип эле, лицензия алып келем деп эле иштеп жүрүшөт. Ошонун баарын түп тамыры менен жок кылышыбыз керек».

Дагы бир депутат Улугбек Ормонов буга чейин канча компания лицензия алганын, канчоосунун иши эмне себептен токтогонун сурап, так маалыматты даярдап келүүнү тапшырды.

«Сиз жетекчи болуп келгенден бери канча компания лицензия алды, канча компаниянын лицензиясы жокко чыгарылды? Эмне себептен? Ушунун баарын алып келсеңер, бизге так жеткиликтүү болмок. Сиз айтып жатпайсызбы “La la fo”дон жарнама аркылуу 100 миң долларга сатып алып жатышат деп. Ошону жок кылууга мүмкүнчүлүк жокпу, алар эмне лицензияны прорабдар менен кошо сатышабы? Себеби талапта адистер сөзсүз болуш керек да, лицензия алыш үчүн. Прораб категориядагы инженер дегендер, алар лицензияны ушул инженерлери менен кошулуп сатышабы?».

Буга чейин турак жай сатып алууда текшериле турган документтер үчүн атайын ачык реестр түзүлөрү кабарланган.

Нурдан Орунтаев курулуш агенттигине былтыр ноярбарда жетекчи болуп дайындалган. Бүгүнкү күндө жер-жерлерде мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери да жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM