Биз менен байланышыңыз

Аялдардын жана жаштардын ишкердиги боюнча ментордук программа иштелип чыкты

Кыска кабар | 10 Июн 2024 | 187 | 0

Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы JIA Бизнес-ассоциациясы менен биргеликте ишкер айымдар жана жаштар үчүн ментордук программасын баштады.

Бул тууралуу  JIA Бизнес-ассоциациясынан кабарлашты.

Программа Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган БУУ Өнүктүрүү программасынын “Борбордук Азияда соодага көмөктөшүү” долбоорунун иш-чараларынын бири болуп саналат. Долбоор туризмге, табигый балга, жаңгак, кургатылган мөмө жана жер-жемиштерге, ошондой эле кийиз жана булгаарыдан жасалган буюмдарга кошумча нарк чынжырларын (КНЧ) өнүктүрүүнү колдоого багытталган.

Ментордук демилгелер ишкер айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө жана социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт. Учурда айымдар соода, кызмат көрсөтүү, жеңил өнөр-жай тармагы, IT жана нанотехнологияга чейин экономикалык ишмердүүлүктүн кеңири спектринде иш алып барышууда.

Ментордук программа жыйынтык катары катышуучулардын сатуу жана кирешесин жогорулатуусун, жаңы жумуш орундарын түзүүсүн, эффективдүүлүк, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктөрүн арттыруусун, онлайн сатуу көлөмүн көбөйтүүсүн, экспортко чыгуусун, жаңы продукцияларды жана кызматтарды кошуусун көздөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM