Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушу башталганын билдирди

Кыска кабар | 8 Июн 2024 | 319 | 0

Ысык-Көлдө «Асман» шаарыны крулушу башталды. Бул тууралуу президен Садыр Жапаров 7-июнда Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жассерди кабыл алган учурда айтты.

Мамлекет башчысынын айтымында, «Асман» шаарыны курулушу бир жума мурда башталган.

«Асман шаарынын курулушун бир жума мурда баштадык. Биз башында жөн гана шаар катары курабыз дегенбиз. Кийин чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн сунуш түшүп «Көлдү булгап албагыла, жашыл шаар салалы»,-деп  бир жылдан бери долбоорлорду кайрадан карап чыгып, бир жума мурда башталды. Ал шаарда электробустар, электромобильдер гана жүрөт. Ошондой эле шамалдан, күндөн, ГЭСтен алынган энергия менен камсыздалат. Абага эч кандай зыянсыз заттарды бөлүп чыгарбаган шаар болот»,- деди президент.

Ушул жылдын май айынын соңунда президент Балыкчы шаарында эл менен болгон жолугушууда «Асман» шаарынын курулушу он күндүн аралыгында башталаарын айткан.

Буга чейин Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев  «Асман» шаарынын курулушу быйыл май айында башталарын айткан.

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 2023-жылдын 30-июнунда капсула салынган. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана чет элдик инвесторлор катышкан.

Ысык-Көл райондагы Чырпыкты айылынын карамагындагы жерге салына турган шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, 500 миң-700 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат.

«Асмандын» курулушуна алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миллиард доллар сарпталат. Курулуш иштери толугу менен инвесторлордун эсебинен ишке ашырылат.

Алдын ала маалымат боюнча, «Асман шаары» 10 жылда толук курулуп бүтөт.

Copyright © 2017 Maral FM