Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан менен Малайзиянын оюну башталды

Кыска кабар | 6 Июн 2024 | 224 | 0

Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын улуттук курама командаларынын оюну башталды.

2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өтүп жаткан  мелдеште кыргыз спортчулары кызыл, малайзиялыктар сары түстөгү формада талаа бетине чыгышты.

2023-жылы 16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында талаа ээлерине 4:3 эсебинде жеңилип калган.

Биринчи голду Малайзиянын командасы киргизген. Оюндун 42-мүнөтүндө Кыргызстан эсепти теңдеп, ал эми 44-мүнөттө алдыга чыккан. Эсеп 1:3 менен келе жатканда голдор арты-артынан кирип, беттеш 4:3 эсеби менен аяктаган.

Ошондой эле өткөн жылы 21-ноябрда Бишкекте кыргыз футболчулары Омандын курама командасын 1:0 эсебинде жеңип алган.

Оюндун экинчи бөлүгүнүн 49-мүнөттүндө жарым коргоочу Одилжан Абдрахманов гол киргизген.

Эскерте кетсек, Кыргызстан командасынын рейтинги жакшы болгондуктан мелдешти квалификациянын биринчи эмес, экинчи турунан баштады. Улуттук команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен бирге D тайпасына түштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM