Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын улуттук курама командаларынын оюну башталды.
2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өтүп жаткан мелдеште кыргыз спортчулары кызыл, малайзиялыктар сары түстөгү формада талаа бетине чыгышты.
2023-жылы 16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында талаа ээлерине 4:3 эсебинде жеңилип калган.
Биринчи голду Малайзиянын командасы киргизген. Оюндун 42-мүнөтүндө Кыргызстан эсепти теңдеп, ал эми 44-мүнөттө алдыга чыккан. Эсеп 1:3 менен келе жатканда голдор арты-артынан кирип, беттеш 4:3 эсеби менен аяктаган.
Ошондой эле өткөн жылы 21-ноябрда Бишкекте кыргыз футболчулары Омандын курама командасын 1:0 эсебинде жеңип алган.
Оюндун экинчи бөлүгүнүн 49-мүнөттүндө жарым коргоочу Одилжан Абдрахманов гол киргизген.
Эскерте кетсек, Кыргызстан командасынын рейтинги жакшы болгондуктан мелдешти квалификациянын биринчи эмес, экинчи турунан баштады. Улуттук команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен бирге D тайпасына түштү.