Биз менен байланышыңыз

Депутат «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан чыгарылгандыгы тууралуу түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 6 Июн 2024 | 438 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан чыгарылгандыгы тууралуу комментарийин фейсбук баракчасына жарыялады.

Анда ал «фракция жыйындарына катышпай жүргөн» деген күнөө негизсиз экендигин, мандат алган убакыттан бери фракция төрт гана жолу жыйынга чогулганын жана анын баарына катышканын жазган.

Айгүл Айдарованы фракциядан чыгаруу чечмин фракциянын 30-майдагы отурумунда кабыл алынган. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Исхак Масалиевдин айтымында, депутат Айдарова фракциянын көптөгөн жыйындарына катышкан эмес жана анын пикири фракциянын саясатына дал келбейт.

«Эгер ага эркиндик керек болсо, биз депутатты фракциянын катарынан чыгардык. Аны биздин фракция менен байланыштырбоону өтүнөбүз. Анткени биз үчүн добуш берген шайлоочулар депутаттын жүрүм-турумуна нааразы. Ошондой эле, ачык айтылбай турган  ички маселелер да бар», — деди Исхак Масалиев.

Айгүл Айдрова 2022-жылы 26-январда ант берип, депутат болгон. Ал Жогорку Кеңешке Орозайым Нарматованын ордуна келген.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын төрт мүчөсү бар, алар – Исхак Масалиев, Гуля Кожокулова, Эмил Токтошев жана Алишер Эрбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM