Биз менен байланышыңыз

Президент Максат Асаналиевди баш прокурорлукка дайындады

Кыска кабар | 6 Июн 2024 | 382 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын баш прокурор кызматына Максат Асаналиев дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 5-июнда Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевдин талапкерлигин карап, депутаттар бир добуштан колдогон.

Мунун менен ал Кыргызстандын 17-башпрокурору болгону турат. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Баш прокурор Максат Асаналиев 46 жашта. Ал эмгек жолун 2001-2003-жылдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө башкармалыгында тергөөчү болуп иштөөдөн баштаган.

2004-2010-жылдары УКМКнын Тергөө башкармалыгында улук тергөөчү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп кызмат өтөгөн.

2010-2011-жылдары Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгында өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген.

2018-2019-жылдары Бишкек шаарында Биринчи Май районунун прокрору болуп эмгектенген.

2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган.

3-июнда Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев өз арызы менен отставкага кетти. Аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушту парламент колдоду. Курманкул Зулушев 2020-жылдын 21-октябрында башкы прокурор болуп дайындалган.

2024-жылы 24-апрелде президент Садыр Жапаров Зулушевге кол алдындагыларды туура эмес көзөмөлдөгөнү үчүн сөгүш жарыялаган.

Зулушев быйыл 19-апрелде Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM