Биз менен байланышыңыз

Борборго жаңы заманбап техникалар алынат

Кыска кабар | 6 Июн 2024 | 253 | 0

Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев баштаган делегация Кытайда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек мэриясынын адистери атайын жабдууларды алуу үчүн заводдорду кыдырып, сапаты кепилдиги бар ишканалар менен келишим түзүшөт. Мындай иш-аракеттер ортомчусуз керектүү жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк берет, — деп айтылат маалыматта.
«Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканалары паркын 350 бирдиктен ашык заманбап атайын техникалар толуктайт.
Белгилей кетсек, каражат Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетинен бөлүнгөн. Бул атайын техника коммуналдык кызматтар үчүн зарыл, анткени техника паркы акыркы жолу 10 жылдан ашык убакыт мурун жаңыланган. Алар ушул күнгө чейин муниципалдык ишканалар тарабынан төлөнүп келген кредиттик негизде сатылып алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM