Биз менен байланышыңыз

Саясатчы Өмүрбек Бабанов журналистти сотко берди

Кыска кабар | 5 Июн 2024 | 190 | 0

Саясатчы Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковду сотко берди. Ал 1 млн сом доо талап кылып жатканын журналист Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Өмүрбек Бабанов “Фрунзе” гипермаркеттер түйүнүн негиздөөчүсү Болотмамбет Жээнбековдун интервьюсу “ар-намысыма шек келтирди, ишкердик беделиме доо кетирди” деп моралдык компенсация сураган. Мурдагы премьер-министр Карымшаковдон 1 млн. сом жана Жээнбековдон 1 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“Мага Өмүрбек Бабановдун доо арыз менен кайрылганы тууралуу маалымат кечээ, 3-июнда гана жетти. Алар жиберген билдирүү дарегиме жетпей калыптыр. Болотмамбет Жээнбековдун видеомаегин өчүртүү боюнча өтүнүчү тууралуу билдирме келгенден кийин гана тактап билдим. Бүгүн Октябрь райондук сотунда алдын ала сот жыйналышы дайындалган экен, ага катышып, доо арыз менен эми таанышып жатам. Ишти судья Улан Шаматов карап жатат. Дагы бир ирет белгилеп кетейин, мен Бабанов тараптын да пикирин алуу үчүн барганда өздөрү жооп бербей коюшкан. Аягында минтип сотко бергени таң калычтуу болду”, — деди журналист.

Буга чейин журналист Болотмамбет Жээнбековдон маек алган. Ал мурдагы бизнес өнөктөшү Өмүрбек Бабановду бизнестеги үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алууга айыптаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM