Биз менен байланышыңыз

Президент ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи

Кыска кабар | 4 Июн 2024 | 260 | 0

Президент Садыр Жапаров ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.

Аталган мыйзам долбоору Кыргызстандагы ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Алсак, Кылмыш-жаза кодекси мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик караган жаңы 338 (1)-берене менен толукталып жатат.

Мындан сырткары мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп жаткандыгына байланыштуу Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренесинде көрсөтүлгөн айып пулдун өлчөмүн 100 эсептик көрсөткүчтөн 150 эсептик көрсөткүчкө көбөйтүү сунушталууда.

Аны менен катар ишкерлерди камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын негизсиз колдонуудан коргоо максатында мыйзам долбоору менен ишкерлерге карата Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган бөгөт коюунун альтернативдүү чараларын (электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагы) колдонуу сунушталат.

Copyright © 2017 Maral FM