Биз менен байланышыңыз

Путин Өзбекстандын мөмө-жемиштерин даамдуу деп мактады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2024 | 779 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Ташкенттеги жолугушуусунда,  Өзбекстандын айыл чарба министрине даамдуу мөмө-жемиштер үчүн ыраазычылык билдирди.

Орусиянын Владимир Путин 26-28-майда Өзбекстанда расмий иш сапары болду. Владимир Путин “Куксарой” резиденциясындагы расмий тосуп алуу аземинде Өзбекстандын Айыл чарба министри Иброхим Абдурахмановго кайрылып: “Жемиштер үчүн рахмат, президент мага жөнөтүп турат. Алар ушунчалык даамдуу”, — деп айткан.

Өз кезегинде Өзбекстандын Айыл чарба министри орусиялык телеканалдарга берген маегинде Путиндин мындай баасын чоң жоопкерчилик деп атады. Ал Өзбекстандын мөмө-жемиштери үчүн Орусия чоң базар экенин, ана экспорттун көлөмүн дагы да көбөйтүү зарылдыгын белгилеген.

Россельхознадзордун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Өзбекстан Орусияга жашылча-жемиштерди берүүнү былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 1,8 эсе көбөйткөн. Ак капустанын импорту 11 эсе, курма 6,2 эсе, түстүү капуста 3,2 эсе, сабиз 3,3 эсе өскөн.

Даярдаган: Абдиллаева Нурайым

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM