Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 3,7 млрд долларга жетти

Кыска кабар | 3 Июн 2024 | 170 | 0

Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 3,7 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевге таянып «Кабар» улуттук агенттиги жазды.

Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын иши тышкы факторлордун таасирин азайтууга жана улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталгандыгын белгиледи.

2023-жылы Кыргызстанда макроэкономикалык жана баа туруктуулугу сакталды, инфляциянын жылдык деңгээли эки эсе – 14,7 пайыздан 7,3 пайызга чейин төмөндөдү. Ал эми 2024-жылдын май айында инфляция жылдык мааниде алганда 4,4 пайызды түздү.

Былтыр Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 2,8 млрд доллардан 3,2 млрд долларга чейин көбөйгөн, быйыл май айына карата 3,7 млрд долларга жетти.

Мындан тышкары, соода жана тейлөө ишканаларында орнотулган QR-коддордун саны беш эсе көбөйүп, 52 миңден ашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM