Биз менен байланышыңыз

Парламент уран казууга уруксат берген мыйзамды биринчи окууда колдоду

Кыска кабар | 29 мая 2024 | 256 | 0

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна 69 депутат «макул», үч депутат «каршы» добуш берди. Каршы добуш берген депутаттар Исхак Масалиев, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевдин айтымында, уранды иштетүүгө салынган тыюу башка сейрек кездешүүчү металлдарды камтыган 83 кенди изилдеп, иштетүүгө жолтоо болууда. Министр аларды иштетүү өз кезегинде экономиканы жакшыртууга салым кошорун билдирет.

Мелис Тургунбаев документ кабыл алынса, Кызыл-Омпол кени иштетилерин, бул экономиканын өнүгүшүнө салым кошорун айтты.

Ошондой эле ал уранды иштетүү экологияга, калктын ден соолугуна зыянын тийгизбей турганын, аны иштетүү үчүн алдыңкы үлгүдөгү технологиялар алынарын айткан.

27-майда парламенттеги Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети биринчи окууда колдогон. Ага чейин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет да карап, кворум жоктугунан танапис жарыяланган. 28-майда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети долбоорун карап, колдогон.

2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамды жокко чыгаруу сунушталган.

Кыргызстан боюнча эки кен казуу жайы мамлекеттик баланска кирген. Алардын бири Таш-Булак кенинде 3,5 миң тонна уран, 10 миң тоннадай торийдин көлөмү бар.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM