Биз менен байланышыңыз

Президент аскер кызматкерлерин жана ардагерлерди Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 29 мая 2024 | 165 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктады.

Мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыз кылуунун кепилдиги катары Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөн күнү – өлкөбүздөгү ар бир аскер кызматчысы үчүн өзгөчө майрам экендигин айтты.

«Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн жетилгендигинин олуттуу сыноосу 1999-2000-жылдардагы эл аралык террористтердин согушкерлери мекенге бастырып кирген Баткен окуялары болду. Ошол жылдары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү каршы күрөшүп жаткан эл аралык терроризмге биринчилерден болуп биздин өлкө дуушар болгон. Баткен окуясындагы терроризмге каршы туруудагы тажрыйбабыз биздин өлкөнүн дүйнөлүк антитеррордук коалициянын ишмердигине чоң салым болуп калды. Өлкөбүздө болгон окуяларда Кыргызстандын аскер кызматчылары мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө жасалган ар кандай аракеттерди жана кол салууларды толугу менен жок кылууга даяр экенин көрсөттү.

Бүгүнкү күндө биз Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн деңгээлин жогорулатуу үчүн Кыргыз армиясын заманбап курал-жарактуу, жогорку мобилдүү, кыска аралыктын ичинде минималдуу чыгым менен сырткы жана ички аскердик коопсуздукту чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар, аскер түзүмдөрүнүн арасында биримдикти жана ыкчам аракеттенүүнү бийик деңгээлде уюштуруу аракетин көрүп келебиз».

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 1992-жылы негизделген. Ошондон бери 29-май өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күнү катары белгиленип келет.

Copyright © 2017 Maral FM