Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Октябрь райондук милициясынын ыкчам кызматкери кармалды

Кыска кабар | 28 мая 2024 | 306 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 27-майда ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте 300 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкектин Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкери Э.Н.Э. кармалды.

Тергөөнүн жыйынтыгында, аталган кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен жарандан акча талап кылууга тиешеси бар экендиги аныкталды.

Бул факты боюнча буга чейин УКМК тарабынан ички иштер органдарынын ушул эле бөлүмүнүн эки ыкчам кызматкери кармалган.

Кармалган кызматкер Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Уланбек Аалиев Бишкектин Свердлов райондук милициясына башчы болуп дайындалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM