Биз менен байланышыңыз

Уланбек Аалиев Бишкектин Свердлов райондук милициясына башчы болуп дайындалды

Кыска кабар | 28 мая 2024 | 264 | 0

Уланбек Аалиев Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка 27-майда кол коюлганын ИИМден билдиришти.

Уланбек Алиевди бул кызматка дайындоо жөнүндө буйрук бирдей кызмат ордун берүү жөнүндө соттун чечимин аткарууга байланыштуу чыгарылганы айтылды.

Ал буга чейин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Бишкек шаардык сотунун чечими менен реабилитация укугу аркылуу кылмыш курамынын жоктугу үчүн көрсөтүлгөн бардык беренелер боюнча акталган. Жогорку Сот бул чечимди күчүндө калтырган.

2021-жылы алдамчылыкка шектелген ишкер Асыл Талипованын иши боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев, тергөө кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Талгат Кубатбеков жана тергөөчүлөр кармалган. Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, алар кыйноо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылууга айыпталган.

Свердлов райондук милициясынын башчысы кызматын буга чейин Жеңишбек Абитов ээлеп келген.

Бишкекте 17-18-майдагы окуялар боюнча ички иштер министрлигинин 20 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Алардын арасында Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын башчысы, 10 кызматкери бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM