Биз менен байланышыңыз

Июндан тарта «Учкунда» басылып чыккан паспорттор бериле баштайт

Кыска кабар | 28 мая 2024 | 240 | 0

1-июндан баштап «Учкун» мамлекеттик ишканасында басылып чыккан ички жана жарандык паспорттор бериле баштайт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 28-майдагы жыйынында Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов айтты.

«Учкунда» басылган паспорттордун алгачкы партиясы алынганын, сапаты мурдагыга салыштырмалуу жакшырганын кошумчалады.

«Учкун» мамлекеттик басмаканасы үчүн буга чейин заманбап жабдуулар сатылып алынган.

«Учкун» ачык акционердик коомуна Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоого ыйгарым укук да берилген.

Copyright © 2017 Maral FM