Биз менен байланышыңыз

Быйыл гепатит жуктургандардын саны 3,5 эсе көбөйдү

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 152 | 0

Январь-апрель айларында гепатит жуктургандардын саны өткөн жылдын ушун мезгилине салыштырмалуу 3,5 эсе көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, гепатитке чалдыккандар Баткен жана Жалал-Абад облустарында көп.

Ал эми сифилис менен бруцеллез илдеттерин жуктургандар 1,1 эсеге өстү.

Ал эми кургак учук жуктургандардын саны 2023-жылдан бери төмөндөөдө. 2024-жылдын 4 айында ал 6,8 пайызга азайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM