Биз менен байланышыңыз

Пашинян ЖККУнун эки өлкөсүн Азербайжанга жардам берген деп күнөөлөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2024 | 902 | 0

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун эки мүчөсү Тоолуу Карабак конфликтинде Азербайжанга колдоо көрсөткөнүн айтты.

«ЖККУга мүчө эки өлкө Азербайжан менен согушта аларга колдоо көрсөткөнүн билем, бирок калп эле бизге жардам көрсөтүп жаткандай түр көрсөтүшкөн», — деп айткан Пашинян. Бирок ал эки өлкөнүн атын атаган эмес.

Анын айтымында, 2020-жылы Тоолуу Карабактагы согуш бир гана Карабак үчүн эмес, жалпы Армения деген өлкөнү жок кылуу үчүн болгон. Ушундай эле аракеттер 2021-жылдын майында, 2022 жана 2023-жылдын сентябрында да болгон.

«Тилектери ишке ашкан жок. Мына жакында эле ушул жылдын 9-майында да Армения жок кылууга аракет кылышты (9-майда Пашиняндын отставкасын талап кылган Армян чиркөөсүнүн архиепискобу баштаган митинг). Бирок дагы тилектери ишке ашкан жок жана ашпайт дагы», — деп кошумчаган Пашинян.

Белгилей кетсек, ЖККУга Орусия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Армения мүчө. Армения Тоолуу Карабак согушу учурунда ЖККУну жардамга келбегени үчүн сындаган.

Тоолуу Карабактагы 2-согуш 2020-жылы 27-сентябрда башталган. Анда согуш 44 күнгө созулуп, Азербайжандын жеңиши менен аяктаган. Азербайжан аймактын дээрлик көп бөлүгүн өзүнө кайтарган. Ал эми Карабактагы толук көзөмөлдү алуу 2023-жылдын сентябрында ишке ашты. Ушул жылдын 1-январынан тарта Тоолуу Карабак Республикасы расмий түрдө жоюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM