Биз менен байланышыңыз

«Манас» аба майданынан эл кайрадан эвакуация болууда

Кыска кабар | 22 мая 2024 | 250 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунда бомба коюлду деген маалымат кайрадан тарады. Аэропорттун билдирүүсүнө караганда, саат 13:10дө аэропорттун почтасына жардыруучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү түшкөн.

Анда саат 15:00дө аэропортто жарылуу болору кабарланып, жүргүнчүлөрдү каттоо токтотулду. Аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуацияланууда. Ал эми пландалган рейстер аткарылып жатат.

Буга чейин 16-майда аба майданда бомба бар экени тууралуу маалымат түшүп, бирок табылган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM