«Манас» эл аралык аэропортунда бомба коюлду деген маалымат кайрадан тарады. Аэропорттун билдирүүсүнө караганда, саат 13:10дө аэропорттун почтасына жардыруучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү түшкөн.
Анда саат 15:00дө аэропортто жарылуу болору кабарланып, жүргүнчүлөрдү каттоо токтотулду. Аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуацияланууда. Ал эми пландалган рейстер аткарылып жатат.
Буга чейин 16-майда аба майданда бомба бар экени тууралуу маалымат түшүп, бирок табылган эмес.