Биз менен байланышыңыз

ЖМК жана интернеттеги жалаа. Министрликтин жаңы мыйзам демилгеси

Коом | 22 мая 2024 | 548 | 0

Маданият министрлиги Кыргызстанда маалымат каражаттарында жана интернетте жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштоодо. Министрлик бул өзгөртүүнү Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизүүнө көздөйт. Медиаэксперттер жана юристтер бул өзгөртүү адам укуктарына жана баш мыйзамга каршы келээрин айтышууда. Себеби жалаа жабуу жана мазактоо беренеси бийликке сын айткан жарандарга каршы колдонулушу мүмкүн. Ал эми массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да бул өзгөртүүгө каршы экендигин билдиришүүдө.

Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Укук бузуулар кодексине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.

«107-1-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жана мазактоо.
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же анын баракчасында камтылган кемсинтүү, башкача айтканда башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинтүү.
Сунушка ылайык, бул берене боюнча айыптуу деп табылган тарапка: жеке адамга — 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга — 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

2. Жалаа жабуу, башкача айтканда жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же сайттын баракчасында башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды билип туруп таратуу.
Сунуш боюнча бул берене менен айыпталган жеке адамга — 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга — 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат».

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат саясат башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратованын айтымында, интернет тармагында же массалык маалымат каражаттарында мазактоо, жалаа жабууга кабылган жарандар сотко кайрылбастан эле экспертизанын жыйынтыгы менен Маданият министрлигине кайрылууга мүмкүнчүлүк алуу, башкача айтканда альтернативалык жол катары сунушталган.

«Интернет тармактарныда маалымат чыккандан кийин эле дароо таркап кетип жатат. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан таркалган маалымат так жана туура болуусу керек. Тилекке каршы көп учурда андай болбой жатат. Бүгүнкү күндө жарандар ЖМК аркылуу кандайдыр бир адамдардын ар-намысына шек келтирген жалаа жабуу болсо, жарандар бир гана сот аркылуу гана өз укутарын коргой алат. Министрлер Кабинети тарабынан тапшырма берилгендиктен бул жаңы сунуш башка мамлекеттик орган аркылуу карай турган, альтернативдик жол катары иштелип чыккан».

Ал эми юрист Таттуубүбү Эргешбаева бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын баш мыйзамына каршы келээрин, ошондой эле тандалма мыйзам болуп калат деген пикирде.

Ал мыйзамда түшүнүксүз жагдайлар бар экендигин, Жогорку Кеңешти бул мыйзамды артка кайтарууга чакырды.

«Укук бузуулар кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү негизсиз деп ойлойм. Кыргызстандын баш мыйзамына туура келбеген нормаларды киргизип жатышат. Негизги жалаа жабуу нормасы бар болчу, кайра ал жокко чыккан. Бул система адам укугунун кызыкчылыгына, мыйзамдарга дал келбейт. Мисалы, Маданият министрлигинде кандайдыр бир жасалма интеллект менен иштеген, ар бир адамдын социалдык тармагын, ар бир интернет колдонуучусун, медиаларды бир учурда карап, аналитика кыла турган мүмкүнчүлүк жок да. А алар өздөрүнө жакпаган же министрге, мамлекеттик кызматкерге жакпаган кандайдыр бир макаланы алып туруп эле жалаа жабуу деп аныкталган, аларга карата дискредитация ирээтинде жазылган сөздөргө гана каршылык көрсөтүү үчүн гана иштеп калуусу мүмкүн.

Ошондой эле мага түшүнүксүз болгону айыппулдун ошол жаран эмес, мамлекеттин эсебине түшүп жатканы мага түшүнүксүз болууда».

«ChekitMedia» редакциясынын редактору, медиаэксперт Асел Сооронбаева депутаттардын, саясатчы жана чиновниктердин айткан убадаларын, билдирүүлөрүн калп же чын экендигин фактчек аркылуу анытап, талдап келет. Анын айтымында, кфактчекерлер, журналисттер саясатчы же чиновниктин билдирүүсүн текшергенден кийин, ал жалаа жабуу, абийриме шек келтирди деп кабыл алышы мүмкүн.

Ал мыйзам долбоору бир тараптуу гана иштеп, журналистикага каршы иштеген мыйзам болуп калышы мүмкүн экенине токтолду:

«Менин тажрыйбамда, аткаминердин сөзү менен иши фактыларга дал келбей калган учурлар көп кездешкен. Саясатчылардын, чиновниктердин убадаларын же болбосо билдирүүлөрүн текшерген учурда макаланын каарманы тарабынан бул жалган жалаа, абийирге шек келтирүү деп кабыл алынышы мүмкүн. Ошондой учурда мыйзам бир тараптуу аткаминердин пайдасына же болбосо, мамлекеттик кызматкердин пайдасына гана иштеп, журналистти коргобой калат. Жалпак тил менен айтканда, бул классикалык журналисттин өнүгүүсүнө, иштешине чоң тоскоолдук жарата турган мыйзам.

Бул жерден так даана ажыратып коюшубуз керек. Журналистика менен манипуляция, пропаганда таптакыр эки башка нерсе. Журналистиканын миссиясы коомго кызмат кылуу, аткаминер менен бийликтин ортосунда көпүрө болуу. Ошол төртүнчү бийликти түп тамырынан жок кылуу аракети системдүү түрдө жүрүп атканын көрүп атабыз. Себеби ошол кабыл алынган мыйзамдар мамлекеттик кызматкерлердин да пайдасын алууга иштей турган, жана журналистикага каршы болгон мыйзамдар болуп жатат».

«МедиаКонсалт» Фондунун жетекчеси Эльмира Токтогулованын пикиринде, жалаа жана мазактоого тыю салуу деген шылтоо менен коомчулуктун жогорку бийлик органдарына, саясатчыларга каршы сын-пикир айтуусу чектөөгө алынышы мүмкүн.

«Соцтармактарда мисалы саясий абоненттерди каралоого багытталган маалыматтык согуштарды жүргүзгөн каралу фейктер менен өкмөт күрөшүүсү керек. Бирок биз баарыбыз акыркы жылдары, интернет желелеринде айкын сөздөрү пикирлери үчүн, адамдар кармалып соттолуп жатканын көрүп жатабыз. Демек буга өкмөттүн сотун укуктук негизи бар деп эсептесек болот. Андай болсо бул мыйзамга өзгөрүү кошумча киргизүү зарылбы деген суроо жаралат. Сотто колдонулган жалаң гана кемсинтүү, аныктоонун методологиясы анча так жанан түшүнүктүү эмес деп ойлойм.

Мисалы бир жаран чиновниктердин бирин начар иштегени үчүн сындаса, бул кемсинтүү же жалган жалаа болушу мүмкүнбү? Муну ким жана кантип аныктайт? Экспертизанын методологиясы ачык-айкын болушу керек, болбосо кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Сөз эркиндигине басым болушу мүмкүн, кемсинтүүгө каршы күрөш дегени менен коомчулуктун сын-пикирлерине тыюу салган чечимдер болушу мүмкүн. Мисалы эл аралык практиканы алсак, кимдир бирөө ага жалган жалаа жаап, кемсинтип зыян тартты деп эсептесе, сотко кайрылат. Бирок ошол жаран сотко кайрылууну керексиз деп эсептесе, анда ошол жаран үчүн эч ким чече албайт».

Акыркы жылдары социалдык тармакта ар кандай пикир жазганы үчүн жоопкерчиликке тартылган учурлар же суракка чакырылгандар көбөйдү. Учурда социалдык тармакка жазган сын-пикирлери үчүн абакта жаткандар да бар.

Copyright © 2017 Maral FM