Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев Кыргызстандан сыртка чыкпоо жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыкты.
Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Соттун мындай чечими 21-майда чыгарылган.
Буга чейин абактагы Дүйшөбаевдин абалы начарлаганы айтылып келген. Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбору да Дүйшөбаевдин ден соолугу начар экенин айткан.
Кеңешбек Дүйшөбаев милициянын генерал-майору, 2005-жылдагы 24-март окуясында ИИМ министри да болгон. Ал 2022-жылдын күзүндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккандардын катарында жалпы 27 саясатчы, активисттер менен кошо камалган.
Алардын арасынан учурда сегизи абакта. Калгандары ар түрдүү шартта үй камагына чыккан.