Connect with us

Таласта «Бала-Саруу» ГЭСи ишке киргизилди

Кыска кабар | 21 Май 2024 | 418 | 0

Талас облусунда “Бала-Саруу” ГЭСи ишке киргизилди. “Бала-Саруу” кичи ГЭСи кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору менен курулган.

Электр энергиясынын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн кВт/саатты түзөт. Бул Талас облусунун эки районунун 19 миң абонентинин электр энергиясына болгон керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров ГЭСти ишке киргизүү аземинде сөз сүйлөп жатып, бул ГЭС үч жылда курулуп бүткөнүн айтты.

“Бала-Саруу” ГЭСи — Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы чакан ГЭС куруу боюнча жүзөгө ашырылган алгачкы мамлекеттик долбоор. Бул долбоор мамлекет тарабынан электр кубатын өндүрүү тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет ”, — деди президент.

“Бала-Саруу” ГЭСине жалпы 2,8 млрд сом жумшалды, анын ичинде Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун салымы да бар.

Бул суммага гидроэлектростанциянын имаратынын курулушу, 110 кВ жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштө жабдууларды монтаждоо, эки күч трансформаторун орнотуу жана узундугу 6,7 километр болгон “Бала-Саруу” — Кара-Арча жана “Бала-Саруу”  — Покровка электр берүү чубалгыларын куруу иштери жүргүзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM