Биз менен байланышыңыз

Иран президентинин жаназасы 23-майга белгиленди

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2024 | 595 | 0
Авиакырсыктан каза тапкан Иран президенти Ибрахим Раисинин жаназасы 23-майда Мешхед шаарында өтөт. Бул тууралуу Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури жарыялады.
Анын айтымында, жаназа имам Реза мавзолейинде өтөт. Чыгыш Азербайжандагы Тебриз шаарында президент менен коштошуу иш-чарасы өтөт. Андан кийин Ибрахим Раисинин сөөгү КумТегеран, Бирженд шаарларына алып барышат. Аталган шаарларда да коштошуу иш-чаралары уюштурулган соң ыйык Мешхед шаарына жеткирилет. Мешхед шаары Ибрахим Раисинин кичи мекени болуп саналат.

Учурда Иранда президенттин өлүмүнө байланыштуу 5 күндүк аза күтүү жарыяланды. Пакистан жана Түркия да Иран президентинин каза тапканына байланыштуу 1 күндүк аза күтүү жарыялашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM