Биз менен байланышыңыз

«Ататүрк» паркы: Мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери баштала элек

Кыска кабар | 20 мая 2024 | 213 | 0

Бүгүн, 20-майда Бишкектеги «Ататүрк» паркынын четине салынган үйлөрдүн жашоочулары чогулду. Алар мэриянын парктын аймагына мыйзамсыз түшкөн үйлөрдү сүрдүрүү чечимине  нааразычылык билдиришүүдө.

Бишкек мэриясы буга чейин 20-майда парктын четиндеги мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү баштала турганын билдирген. Бирок бүгүн аталган жерге мэриянын өкүлдөрү саат 12:00гө жакын келди.

Учурда Октябрь районунун акими жашоочулар менен жолугушуу өткөрүп, мэриянын чечимин түшүндүрүп берүүдө. Ошондой эле «Бишкек шаарында массалык чогулууга, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын» эскертти. Буга жашоочулар нааразычылык билдирип, «Мэрия бүгүн сүрдүрүү иштерин баштайбыз дегени үчүн чогулушканын» айтты.

Ошондой эле алар парктын аймагын алгач менчиктештирген бир да чиновникке чара көрүлбөгөнүнө нааразычылык билдиришти. Октябрь районун акими бул маселе боюнча прокуратура алектене турганын айткан.

Учурда демонтаждоо иштери баштала элек. Мэриянын өкүлдөрү жашоочулар өз каалоосу менен бузуу иштерин жасаса болорун айтууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM