Connect with us

Молдова Евробиримдикке мүчө болуу үчүн октябрда референдум өткөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Май 2024 | 535 | 0

Кечээ, 16-майда Молдова парламенти өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусу боюнча референдумду 20-октябрга белгиледи.

Тийиштүү чечимди кабыл алууга 101 депутаттын 56сы «макул» деп добуш берди. Көпчүлүк добушту учурдагы бийликчил «Аракет жана биримдик» партиясынын өкүлдөрү берди.

Апрель айынын ортолорунда Молдованын Конституциялык соту өлкөнүн баш мыйзамына киргизилген бир катар түзөтүүлөрдү колдоп берген. Анда өлкөнүн баш мыйзамы «Европа интеграциясы» деген бөлүм менен толукталган. Конституциялык соттун бул чечими эми референдум жыйынтыктары расмий таанылгандан кийин күчүнө кирет.

Жалпы элдик добуш берүү процесси октябрь айында президенттик шайлоо менен бирге болот. Молдованын президенти Майя Санду 2020-жылдын декабрында бул кызматка келген. Ал учурда экинчи мөөнөткө да талапкерлигин коюу ниетин билдирген.

Молдова Евробримдикке мүчө болуу жолунда

Молдова президенти 2022-жылдын мартында өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болуу боюнча арызына кол койгон. Бир нече айдан кийин Молдова Евробиримдикке мүчө болууга талапкер статусуна ээ болгон. Ал эми 2023-жылдын аягында Европа кеңеши Кишинёв менен Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр процессин баштоо чечимин кабыл алды.

Евробиримдиктин талабы боюнча референдум расмий таанылбаган Приднестровье аймагында да өтүшү керек. Бирок учурда аталган аймак Молдованын көзөмөлүндө эмес. М

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM